Жалал-Абадда жигит турмушка чыгуудан баш тарткан кызды коркутуп, кол көтөрүп келген


Соцтармакта тааныш жигит тарабынан сабалганы айтылган кыздын видеосу тарап, окуя Манас шаарында болгону айтылат.

Кыздын айтымында, мындай окуялар аа ага турмушка чыгуудан баш тартканынан улам башталган. 5-октябрда жигит аны мал базарга алып барып зордуктоого аракет кылып, унаа менен сүзүп өлтүрөм деп коркуткан. Кыз буга чейин милицияга бир нече жолу кайрылганын, бирок жигит жоопкерчиликке тартылбай келгенин айткан.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясы аталган факт катталып, экспертизалар дайындалганын билдирди.