«Кыргызтелекомдун» имараты сатылды


Чүй проспектисинде жайгашкан «Кыргызтелеком» ААКнын имараты сатылып, компанияга таандык болбой калганын маалымат булактары жаза баштады.

Андагы маалыматтарга караганда, аны «Айыл банк» мамлекеттик ишканасы сатып алган.

Аталган компания имарат сатыкка коюла турганын мурда кабарлаган. ААК имараттын аянтынын 36,6%ын гана пайдаланган; калган орун бош болгон же ижарага берилген.

«Бул бюджетке олуттуу жүктү жаратат, анткени капиталдык оңдоолорду эсепке албаганда жылдык эксплуатациялык чыгымдар болжол менен 20 миллион сомду түзөт», — деп билдирди ААК. Ишкана техниканын көптүгүнөн жертөлө, төртүнчү жана бешинчи кабаттарды сактап калууда.