14-октябрга карата аба ырайы


Бүгүн республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +18…+23, Талас жергесинде +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл өрөөнүндө +14…+19, Нарын аймагында +11…+16 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +20…+22, Ош шаарында +25…+27 градуска көтөрүлөт.