Баткен районунун Чет-Булак аймагына курулган Жаңы Достук айылынын курулушу дээрлик аяктады.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, күн мурун айылга толугу менен электр энергиясы берилип, көчөлөр жарыктандырылды.
Аткарылган иштерди президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов жеринен көрдү.
Айылга Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан «Кара-Булак» 35/10 кВ көмөк чордонунан 10 кВ аба чубалгы тартылды.
Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону курулуп, ар бир турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн жаңы турак жай комплексинин курулушу башталган.
Жаңы турак жай аймагына Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.
Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн жалпы 76 турак жай куруу пландалып, учурда курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.

