Улуттук онкология борборунун дарыгерлери кармалды


Дары-дармекти мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери тарабынан уюштурулган дары-дармектерди мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык
схема аныкталды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., аталган бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайым К.А. дары-дармектерди эсептен чыгарып, андан кийин бейтаптарга сатышкан», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда үчөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.