Ботаникалык бакка 300дөн ашык көчөт отургузулду


Бүгүн Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта Агартуу министрлиги жана Республикалык экология, жер таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан “Жашыл мурас” экологиялык акциясы өткөрүлдү.

Министрликтин маалыматы боюнча, экологиялык демилгеге ведомствонун өкүлдөрү, Республикалык борбордун жамааты, ийрим жетекчилери жана окуучулар катышты.

Бул экологиялык акциянын негизги максаты айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаш муундардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттыруу болуп саналат.

Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева жаратылышты сактоодо ар бир жарандын жоопкерчилиги маанилүү экенин белгиледи.

“Жашыл мурас” демилгесинин алкагында өлкөбүздүн мектептеринде күнөсканалар даярдалган. Биз тоолуу жерде жашагандыктан, ар бир бала өсүмдүктөрдүн пайдалуу жактарын гана окуп койбостон, аларды отургузууну жана кам көрүүнү үйрөнүшү зарыл. Биз кийинки муунга жашыл Кыргызстанды өткөрүп беришибиз керек”, — деди ал.