Мексикада суу ташкындарынан улам каза болгондордун саны 72ге жетти


Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, адам өлүмү көбүнесе Веракрус штатында катталды. Ошондой эле азырынча 48 адам дайынсыз жоголгондордун катарында.

Өлкөнүн түштүк жана борбордук аймактары эң көп жабыр тарткан. Куткаруу жана издөө иштерин жүргүзүү улантылууда. Жүздөгөн адамдар эвакуациялык борборлорго жайгаштырылган.

Тынымсыз жааган жамгыр дарыялар менен агын суулардын деңгээлинин кескин жогорулашына алып келгени айтылды.