Бишкекте интернеттен алдап акча котортуп жүргөн 18 жаштагы жигит кармалды


Бул тууралуу  Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Милицияга С.К. аттуу жаран кайрылып, 6-августта белгисиз кишилер мессенжерден өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, анын 14 миллион сомун ар кандай банктык эсептер менен котортуп алышканын айткан.
Аталаган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде иш козголуп, 18 жаштагы жигит кармалган. Соттун чечими менен ал эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция бул ишке катышы бар деген башка адамдар изделип жатканын, акча түшүп турган эсептин баары бөгөттөлгөнүн кошумчалады.