Бүгүн, 2025-жылдын 18-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылынын 42 жаштагы тургуну Мирбек Кадыралиевге 3 бөлмөлүү жер тамдын ачкычын тапшырды.
Белгилей кетсек, М.Кадыралиев 2024-жылы оор жүк ташуучу болуп иштеп жүрүп, унаанын дөңгөлөгүн оңдоо учурунда жарылуу болуп, бир колунан ажыраган. Жыйынтыгында иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбой, каражат жагынан кыйынчылыктар жаралган. Мындан тышкары үй-бүлөсү менен батирлеп жашап, жаңы тамын бүтүрүүгө шарты болгон эмес. Мамлекеттен жардам катары пенсия алууга да эмгек стажы жетпей калган.

Мындан улам, 3 баланын атасы Мирбек Кадыралиев фейсбук социалдык тармагы аркылуу КР Президенти Садыр Жапаровго жана УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевге 2025-жылдын 25-августунда жардам сурап кайрылган.
Жыйынтыгында эки күндүн ичинде өлкө башчысы С.Жапаровдун жеке өзүнүн тапшырмасынын негизинде, генерал-полковник К.Ташиевдин көзөмөлүндө жаңы тамдын курулушу башталган. 3 бөлмөлүү жер там 1 айдын ичинде бүткөрүлүп, бардык заманбап шарты менен Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө тапшырылды.
Өз кезегинде УКМК Төрагасы К.Ташиев Мирбек Кадыралиевге бекем ден-соолук каалап, жаңы ак өргөөсү менен куттуктады.
Жаңы тамдын ээлери өлкө башчысы С.Жапаровго жана К.Ташиевге ыраазычылыктарын айтышты.
Генерал-полковник К.Ташиев үй тапшыруу аземинен соң, Кайыңды айылынын тургандары менен жолугуп, жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн укту.

