Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Аламүдүн районунда министрликтин жана милиция кызматкерлери жайыт жерде мотоцикл айдап жүргөн эки жаранды кармаган. Аларга Укук бузуулар кодексинин 245-2-беренесинин (жайыт жерлерди максатсыз пайдалануу жана экологиялык талаптарды бузуу) негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 5.5 миң сомдон жалпы 11 миң сом айып салынган.
Эскерте кетсек, 2-октябрда президент Садыр Жапаров квадрацикл же башка унаасы менен жайыттарды талкалап жаткан жарандарга айып салып, техникасын конфискация кылууну тапшырган. Учурда тиешелүү документ иштелип чыгууда.

