Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды


30 жаштагы Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды.
Ал парламенттик шайлоого аттанган Гүлшат Асылбаеванын ордуна барган.
Нурланова 1995-жылдын 16-сентябрында азыркы Манас шаарында туулган. Экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ. Буга чейин президенттик администрацияда жана Экономика министрлигинде иштеген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкарууну реформалоо жана социалдык-экономикалык саясатты жакшыртууга байланышкан стратегиялык демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышып келгени айтылат. Мамлекеттик башкаруу жана кесипкөйлүктү жогорулатууга багытталган өнүктүрүүчү программалардын катышуучусу.