Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан кулаган 37 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу кармалган чет өлкөлүк эки жаран 24-декабрга чейин камакка алынды.
Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.
Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына ылайык, окуя 24-октябрда шаардагы Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Батирде чет элдик үч жаран (1988-жылы туулган В.Ю, 1987-жылы туулган В.Т. жана 1988-жылы туулган Т.А.) болгон. Үчөөнүн ортосунда чыккан чырдан улам Т.А. балкондон кулап кеткен. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, В.Ю. менен В.Т. кармалган.

