УКМК: Сүлүктүдөгү мыйзамсыз менчиктештирилген бир катар объект мамлекетке кайтарылды


КР УКМК «Сүлүктүкөмүр» ачык типтеги АКсынын сатылып, тиешелүү жактарга катталган мүлктөрүн жана жер тилкелерин аныктады. Тергөө иш-чараларынын натыйжасында аталган мүлктүн ээлери ыктыярдуу түрдө тиешелүү мүлктү Сүлүктү шаардык мэриясына кайтарып беришти.


Тактап айтканда:
1. Сүлүктү шаарынын Д.Жороев көчөсүндөгү «АБК» административдик имараты жана 1,02 гектар жер тилкеси;
2. Сүлүктү шаарынын поле-12 көчөсүндөгү 1714,0 м2 аянттагы «Кызыл-Булак» электр көмөкчордону;
3. Сүлүктү шаарынын И. Элмуратов көчөсүндөгү «АБК» административдик имараты жана 11 067,0 м2 жер тилкеси;
4. Сүлүктү шаарынын шахта-6 көчөсүндөгү «АБК» административдик имараты жана 24 100,0 м2 жер тилкеси;
5. Поле-12 көчөсүндөгү аянты 323,3 м2 болгон имарат (ашкана);
6. «ВВиСВ» жардыргыч заттар кампасы (аянты 3,1 га, Сүлүктү шаары);
7. Сүлүктү шаарында аянты 21 144 м2 болгон жер тилкеси;
8. Сүлүктү шаарынын Д. Жороев көчөсүндөгү аянты 350,5м2 болгон имарат (ашкана);
9. Сүлүктү шаарындагы «ЭМЦ» имараты жана 1,5 гектар жер тилкеси;
10. Сүлүктү шаарындагы «АБК» административдик имараты жана 3482,0 метр2 жер тилкеси;
11. Сүлүктү шаарындагы поле-12 көчөсүнүн боюндагы 210,8 м2 аянттагы «Бункер»;
12. Сүлүктү шаарындагы 600,0 м2 жер тилкесиндеги «Крун-6» трансформатору.