Ош облусунун Алай районунда беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан эки күн өтпөй дагы бир кырсык болуп, беш адам каза тапты.
Райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-ноябрда болжол менен саат 01:20 чамасында Алай районунун Таш-Коро айылында оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаа кагылышып, жеңил машиненин ичиндеги айдоочусу жана жүргүнчүлөрү каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык Ош-Эркечтам автожолунун 67-чакырымында болгону, «Хово» машинасынын 24 жаштагы айдоочусу, Өзгөн районунун Кызыл-Байрак айылынын тургуну Гүлчөнү көздөй бара жатып, автоунаасын башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткени, Алай районунун Кең-Жылга айылынын 34 жаштагы тургуну Гүлчөдөн Ош шаары багытында айдап бара жаткан “Тесла Модел 3” машинасы менен кагылышканы кабарланды.
Кырсыктын кесепетинен “Тесла Модел 3түн” айдоочусу жана машинанын ичиндеги төрт жүргүнчүсү каза тапты. Төртөө тең Кең-Жылга айылынын тургуну, баары 33 жаштагы эркек жарандар экени аныкталды.
“Ховонун” (самосвал) айдоочусу жана жүргүнчүсү дарыгерлерге өткөрүлүп берилди.

