Президент Садыр Жапаров 4–5-ноябрда Египетке барат


Бул эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи ирет Мисир Республикасына болгон расмий сапар экенин президенттик аппараттан кабарлашты.

Эки өлкөнүн президенттеринин актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрү пландаштырылганы жана эл аралык, аймактык кырдаал боюнча пикир алмашуу боло турганын айтышты.