Бүгүн, 3-ноябрда, эртең менен Ооганстандын түндүгүндө күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Саманган провинциясынын Саламаттык сактоо департаментинин маалыматына ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен кеминде жети адам каза болуп, 150гө жакын киши жаракат алган. Алар ооруканага жеткирилген.
АКШнын Геологиялык кызматынын билдирүүсүндө жер титирөөнүн очогу Мазари-Шариф шаарына жакын, 28 чакырым тереңдикте жайгашканы айтылат. Табигый кырсыктар боюнча улуттук агенттик жабыркагандар жана чыгымдар тууралуу так маалыматтар кийинчерээк бериле турганын билдирди.

