Кыргызстанда жаңы жалпы жарандык паспорттор колдонууга бериле баштады


Кыргызстандын 2025-жылкы биометрикалык жалпы жарандык паспорттору бүгүн, 3-ноябрдан тарта, колдонууга бериле баштады. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда документти алмаштыруу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Учурдагы паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.