Бишкекте унаа айдап бара жатып тапанчадан ок аткан шектүүлөр кармалды


Бишкекте милиция унаа айдап бара жатып тапанчадан атып жатканын видеого тартып алган үч жигитти кармады. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 3-ноябрда социалдык тармакка байкоо жүргузүү маалында белгисиз бирөөнүн унаа айдап бара жатып ок атуучу курал колдонгон видеосу табылган.

Окуя Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат журналына катталып, сотко чейинки тергөө башталды.

Тергөө учурунда үч адам КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча кармалган. Алардын баары убактылуу кармоочу жайга камалган.

Кармалган М.Н. окуяда колдонулган ок атуучу тапанчаны өз ыктыяры менен тапшырган. Бул окуя боюнча тергөө уланууда.