АКШдагы учак кырсыгынан үч адам каза таап, 11 адам жаракат алды


Бул тууралуу Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир билдиргенин, Коммерсант гезити жазды.

Маалыматка караганда, Кентукки штатынын Луисвилл шаарында жүк ташуучу учак кыйраган.

Кентукки штатынын губернатору Энди Беширдин айтымында, каза болгондор жана жабыр тарткандар дагы көбөйүшү мүмкүн. Жабырлануучулардын айрымдары өтө оор жаракат алып, жергиликтүү ооруканаларда дарыланып жатышат.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы билдиргендей, McDonnell Douglas MD-11 учагы Луисвилл эл аралык аэропортунан учуп чыккандан кийин кулаган.