Францияда Shamonda вирусун жуктурган бейтап октябрдын башында көз жумду. Бул вирустун адамдан аныкталган биринчи учуру болгонун Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, вирус Лион шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан иммунитети өтө начарлап кеткен бейтаптан аныкталган. Өлүм алдында анын нерв системасында оор кесепеттер байкалган. Адистердин алдын ала божомолунда, бул белгилер вируска байланыштуу болушу мүмкүн.
Вирус бейтапка Франциянын чыгышында кан соргуч майда чымындардын чагуусу аркылуу жуккан болушу ыктымал. Бул аймакта Shamonda 2026-жылдын жаз жана жай айларында жаныбарлар арасында тараган.
Shamonda вирусу негизинен бодо малга жугат. Ошондой эле кой-эчки жана жылкылардан да аныкталган. Вирус алгач 1960-жылдардын ортосунда Нигерияда табылып, буга чейин Африка менен Японияда жаныбарлар арасында катталган.
2026-жылдын жай айларында вирус Германия, Швейцария, Франция жана Европанын башка өлкөлөрүндө аныкталган. Ал уйларда дене табынын көтөрүлүшүнө, ич өткөккө жана сүттүн азайышына алып келген.
Франциянын бийлиги бул өзгөчө учур иммунитети өтө начар адамда катталганын белгилеп, азырынча жалпы калктын ден соолугуна коркунуч аныкталбаганын билдирди.
Окуя тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жана Европанын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборуна кабар берилди.

