Россиядан 1 миллион рублдан ашык акча жана 100 граммдан көп алтын алып чыгууга чектөө киргизилди


Россиядан Кыргызстанга кайтып келе жаткан же акча каражатын жана алтын ташууну пландаган жарандар үчүн маанилүү маалымат жарыяланды. Россия Федерациясынан накталай рубль жана куйма түрүндөгү алтынды алып чыгууга байланыштуу чектөөлөр киргизилди. Мындан тышкары, 2027-жылдын январынан тартып эмгек мигранттарына карата кирешени текшерүү талаптары күчүнө кирери күтүлүүдө.

1 МИЛЛИОН РУБЛДАН АШСА — ЧЕКТӨӨ БАР

Россия Федерациясынын Президентинин 2026-жылдын 25-мартындагы №193 жарлыгына ылайык, жеке жактарга Россиядан Кыргызстанга 1 миллион рублдан ашык накталай акча алып чыгууга тыюу салынат.

Ал эми юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге накталай рублди алып чыгууга, белгиленген өзгөчө учурларды эске албаганда, толук тыюу салынат.

Айрым эл аралык аэропорттор аркылуу Россиянын банктарындагы эсептен алынган акчаны тастыктоочу документтер болгон учурда, ошондой эле эл аралык ташууларга байланыштуу белгилүү шарттар аткарылганда өзгөчөлүктөр каралган.

Эрежелер бузулса, жеке жактардан 1 миллион рублдан ашкан сумма, ал эми юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден алып чыгып жаткан накталай акчанын толук көлөмү конфискацияланышы мүмкүн.

100 ГРАММДАН АШЫК АЛТЫН АЛЫП ЧЫГУУГА ДА ЧЕКТӨӨ БАР

Жаңы талаптарга ылайык, жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле жеке ишкерлерге Россиядан жалпы салмагы 100 граммдан ашкан аффинаждалган алтын куймаларын алып чыгууга тыюу салынат.

Бирок Москвадагы «Внуково», «Домодедово», «Шереметьево» жана Владивостоктогу «Кневичи» эл аралык аэропорттору аркылуу алтын алып чыгууда Федералдык пробирдик палатасынын тиешелүү уруксат берүүчү документи болсо, өзгөчөлүк колдонулушу мүмкүн.

2027-ЖЫЛДАН ТАРТА ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА КАНДАЙ ТАЛАПТАР КОЮЛАТ?

Россияда иштеген чет өлкөлүк жарандар үчүн дагы бир маанилүү өзгөрүү күтүлүүдө. 2027-жылдын январынан тартып киргизиле турган талаптарга ылайык, эмгек мигрантынын жана Россияда аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.

Жеке жактарда иштеген, ишкердикке байланышпаган жеке муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн эмгектенген чет өлкөлүк жарандар өздөрү жана Россияда жашаган жубайы, балдары үчүн белгиленген аванстык төлөмдөрдү төлөөгө милдеттүү болот.

Эгер мигранттын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси белгиленген жашоо минимумуна жетпесе, бул эмгек же жарандык-укуктук келишимдин токтотулушуна жана Россияда жүрүү мөөнөтүнүн кыскартылышына негиз болушу мүмкүн.

Ошондуктан эмгек келишимин же кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүүдө иш берүүчүдөн эмгек акынын чыныгы суммасын көрсөтүүнү талап кылуу сунушталат. Киреше Россиянын тиешелүү аймагында ар бир үй-бүлө мүчөсүнө белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.

КАЙДА КАЙРЫЛУУГА БОЛОТ?

Кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылууга болот.

Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, 5-корпус (Полянка метро станциясы).

Телефон: +7 996 968 98 97.

Россиядан акча же алтын алып чыгууну пландаган жарандарга сапар алдында тиешелүү талаптарды тактап, зарыл документтерди алдын ала даярдоо сунушталат.