Бул тууралуу облустук ИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, 23 жаштагы Талас районунун тургуну 14-октябрда Кара-Кол жайлоосунан 41 топозу жоголгонун айтып милицияга кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси менен иш козголгон.
Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныктап, 42 жаштагы айылдашы, 43 жаштагы Таластын жана 45 жаштагы Ноокат районунун тургунун кармашкан. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

