2026-жылдын январынан тарта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жаңысына акысыз жана сынаксыз алмаштырылат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы айдоочулук күбөлүк 10 жылдык мөөнөткө берилет жана документтерди «Унаа» кызматы аркылуу алмаштырууга болот. Эл аралык күбөлүктөр мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болот.
Туманбаев белгилегендей, жеке автомектептер ишин улантат, бирок алар мамлекеттик карамагына өтөт. Азыркы учурда окуп жаткан айдоочулар сынакты тапшырып күбөлүк алышат, ал эми үлгүрбөгөндөр жаңы тартип боюнча тапшырышат.

