УКМК: «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин  кызматкери жана эки ортомчу кармалды


КР УКМК тарабынан тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында, КТБ кызматкерлери тарабынан ортомчулук кызмат көрсөткөн жарандар менен алдын ала сүйлөшүп уюштурулган мыйзамсыз схема токтотулду.
Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи Май калкты тейлөө борборунун кызматкери Ж.Э.Ж. ортомчулар Д.Э.М. жана Д.К.Э. менен алдын ала сүйлөшүп, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн калкты тейлөө борборуна кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу системасын уюштурганы аныкталган.


Белгиленген схемага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документ иштерин тездетүүгө жардам сунушташкан жана кезек күтпөстөн кызматтарды мүмкүн болушунча тезирээк алууга кепилдик беришкен. Ошондой эле, көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 доллардан 10 000 долларга чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан, андан кийин ал акча мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.
Ортомчулар КТБнын кызматкери Ж.Э.Ж. менен түзүлгөн кылмыштуу байланыштарын колдонуп, документтерди тапшыруу убактысын алдын ала макулдашып алышкан, бул документтерди кезек күтпөстөн кабыл алууга жана артыкчылыктуу негизде иштетүүгө мүмкүндүк берген.
Аталган Ж.Э.Ж, Д.Э.М. жана Д.К.Э кармалып, тергөө камак жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды, анын ичинде «Кызмат» МИнин кызматкерлерин жана ортомчуларды, ошондой эле ушул сыяктуу мыйзамсыз схемалардын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
Мындан тышкары, Калкты тейлөө борборунун айрым кызматкерлери жана турак жайга ээлик кылуучу жарандар чет элдик жарандарды жашаган жери боюнча каттоого алуу менен алектенип, алар катталгандан кийин убактылуу каттоо дарегинде иш жүзүндө жашашкан эместиги аныкталган. Ушуга байланыштуу, бул адамдардын аракеттеринин мүмкүн болгон терс кесепеттерин эске алуу менен, аларга каршы мындай аракеттерге жол бербөө үчүн алдын алуу чаралары көрүлдү.
КР УКМК калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы коррупциялык укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер системалуу негизде улантылып жатканын белгилейт.