Хоккей боюнча кыргыз курама командасы Сингапур командасын 11:2 эсебинде жеңди


Харбинде өтүп жаткан Азиадада хоккей боюнча кыргыз курама командасы Сингапур командасын 11:2 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Беттеш Кытайдын Харбин шаарындагы Кышкы Азия оюндарынын алкагында өткөн. Эске салсак, бул улуттук курамдын үчүнчү оюну. Буга чейин кыргыз хокейчилери Кувейтти 8:9, Бахрейнди 29:0 эсебинде уткан. Бүгүн,19:00дө Кыргызстандын хокейчилери Гонконг курама командасы менен ойнойт.