Бишкекте маданият министринин мурдагы орун басары кармалды


Бишкекте жаранды балта менен чапкан деген шек менен Жогорку Кеңешке талапкер жана мурдагы маданият министринин орун басары Канат Шабданбаев кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка караганда, 6-ноябрда Улуттук госпиталга сол колунун манжасы кесилген 35 жаштагы жаран жеткирилген. Ал өзүнө «К.» аттуу адам балта менен кол салганын айткан. Жанжал кызганычтан улам чыккан.

Үй ээси Ш. К. спорттук сумкасынан балтаны чыгарып, “экөөңөрдү тең өлтүрөм” деп коркуткан. Биринчи сокку санга, экинчиси манжага тийген. Кылмыш иши козголуп, шектүү Ш. К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.