Уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деп шектелип Кудрет Тайчабаров кармалды


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан мурда уюшкан кылмыштуу түзүмдөрдүн мүчөлөрү менен мүмкүн болгон байланыштары боюнча текшерүү материалдарында аты аталган Т. К. М. аттуу жаран кармалды.

Азыркы учурда шектүү жаран зарыл болгон тергөө иш аракеттерин жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө улантылууда.

Буга чейин Тайчабаров Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлоого катышуу ниетин билдирген. Кийинчерээк интернет тармагында анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери болгон Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган.

БШК талапкер катары каттоодон баш тарткан.