14 айлык айдоочулук окуу курсу жогорку класстын окуучуларына гана тиешелүү


Президент бүгүн Фейсбук баракчасы аркылуу бир нече тема боюнча пикирин айтып, айдоочу күбөлүк тууралуу да маалыматты тактап кетти.

Анын айтымында, Союз тарагандан бери эч ким деле кыйратып окуп күбөлүк алган жок.

“Бүгүнкү колунда күбөлүгү барлардын 90 пайызы айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар. Бул ачуу чындык. Мен муну 100 пайыз далилдеп берем.

Азыр көчөдөн көпчүлүк айдоочуну токтотуп, жол эрежелерин сурабай эле коёлу мотор, коробка, радиатор, аккумулятор, стартери кайсы деп сурасаң көрсөтө албайт.

Мотору кайсы десең радиаторун көрсөткөндөр четинен чыгат.

Ошондуктан келечек муун үчүн азыртадан кам көрөлү. Бул тармакты иретке келтирели.

Айдоочулар жол эрежесин билбеген үчүн, сактабаган үчүн бүгүн авто кырсыктар көп болуп жатат.

Төмөндө статистикасын маалымдай кетейин.

2014-жылдан 2020-жылга чейин авто кырсыктан каза болгондордун саны 6159 адамды түзүптүр.

2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 3818 адамды түздү.

Эмнеге азайды десеңер колдон келген катуу чараларды көрүп жатабыз. Дагы катуулатышыбыз керек.

Жаракат алгандардын саны 2014-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 121 896 адам. Согушта да мындай болбойт да. Бизге билинбеген менен авто кырсыктан өлкөдө согуш жүрүп жаткандай адамдарыбыз өлүп жана жаракат алып жатышат десек болот.

Өлгөн жарандарыбызды жоготконубуз аз келгенсип, жаракат алып майып болуп калгандарды багып жатабыз. Албетте, мунун баары мамлекетибизге оор залакасын тийгизип жатат.

Ошондуктан мындан ары айдоочулук күбөлүктү эч ким сатып ала албайт. Мурда сатып алгандар эреже бузуп кармалса, экзамен тапшырууга кетет. Мунун эмнеси жаман?

Эрежелерди билбегендер же унутуп калгандар болсо кайра жаттап алышат. Авто кырсыктын баарын эреже менен айдабагандар жасап, адамдардын өлүмүнө алып келип жатышат.

Мен күбөлүк сатып кармалган кызматкерге суроо бердим:

“Сен 100дөн ашык балага күбөлүк сатыпсың. Эртең ушул 100 баланын бирөөсү сенин жакындарыңдын бирөөсүн кагып өлтүрбөйт деп кепилдик бере аласыңбы?”- десем “бизде ушундай учур болгон” дейт.

Күбөлүктү сатып алган бала күбөлүк саткан кызматкердин бир тууган эжесин тебелеп кеткен экен. Мына ушундайлар да болот.

Ошондуктан күбөлүктү сатып аткан кызматкер күбөлүктү сатып алып жаткан ушул бала келечекте менин баламды же неберемди тебелеп кетпейби деп ойлонушу керек.

Биз мамлекет тараптан күбөлүктү толук окуп алгандарга гана бериш үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.

Европа өлкөлөрүндө 2-3 жылдап окуп жүрүп, араң күбөлүк алгандар бар.

Тилекке жараша, Европада авто кырсыктар жокко эсе.

Эмне үчүн биз ушуну жасай албашыбыз керек.

Биз азыртадан катуу чара көрүп баштасак, ошондо дагы 50 жылда тазаланабыз.

30 жылдан берки күбөлүк сатып алгандар улгайып, авто айдабай калганда гана бүгүнкү толук окуп күбөлүк алып жаткандар калат. Мына ошондон кийин гана бизде дагы жол кырсыктар жокко эсе болот.

Ошондуктан азыркы көрүлүп жаткан чараларды жарандарыбыз кынтыксыз колдошу керек.

Өлкө боюнча бардык мектептерге Жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирет. Ал ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыгууда.

Ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат беришет.

Эмнеге 14 ай? Анткени биринчиден 11-12-класстын окуучулары сентябрдан окуп баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша маалыматты бир жыл арасы өздөштүрүшөт.

Практикалык окуулар жаан, кыш мезгилине, аба ырайына жараша дагы окутулат.

Муз жолдордо, карда кантип айдоо керек, караңгыда эмнеге көңүл буруу керек, жолдордо унааң бузулган учурдагы биринчи аракеттериң кандай болот деген өңдүү практикалык сабактар кирери күтүлүүдө.

14 ай дегени сынактарды тапшырганда өтпөй калгандар кайра даярданып келгиче дагы убакыт керек болорун эске алуу менен белгиленди.

Мектеп окуучулардын баардыгын окуткандын зарылчылыгы канчалык, айдоочулук күбөлүк алам дегендерди эле окутса болбойт беле деген да суроо туулушу ыктымал.

Каалайбызбы, жокпу баарыбыз эле жол кыймылынын катышуучусу болобуз. Унаа айдаганы да, жөө жүргөнү да.

Андыктан жаштарыбыз жол кыймылынын эрежелери боюнча маалыматы болсо ашыкча болбойт. “Унаа айдабайм, мага айдоочулук күбөлүктүн кереги жок” дегендер акыркы сынактарга катышпай койсо өз эрктери.

Техникалык база жетиштүү. Республиканын бардык аймактарында авто мектептер болот. Практикалык сааттар ошол жерде өтөт. Теориялык сабактар жогоруда айткандай мектептеги класстарда өтөт.

Ал эми мектепти, жогорку окуу жайды бүткөн чоң кишилер авто мектептерде окушат. Аларга окуу мөөнөтү интенсивдүү жана азыраак болушу мүмкүн.

Мындан ары коррупцияга жол берилбейт!
Акча менен сатып алам дегенди унуткула. Эми айдоочулук күбөлүк билим, эмгек жана ак ниеттик менен гана алынат. Ар ким өзүбүздүн билимибиз, талыкпаган аракетибиз менен гана жетишишибиз керек”, — дейт президент.