12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгү («Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Бишкекте караоке-бардын атын жамынып, чет элдиктерге гана интимдик кызматтарды көрсөткөн жашыруун сойкукана жабылды.

Көңүл ачуучу жайдын ээси, «Ж.И.» аттуу чет элдик жаран мыйзамсыз көңүл ачууну жеке өзү уюштурганы аныкталды.
Ал бардын кардарлары үчүн социалдык жоопкерчилиги төмөн аялдарды тандап, коштоо жана башка көрсөтүлгөн кызматтардан пайда көргөн чет элдик жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.
Тинтүүнүн натыйжасында, баңгизатка окшош заттар, ошондой эле өзгөчө ири суммадагы накталай акча алынды.

