Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана болуп өткөн шайлоодо депутаттыкка №26 шайлоо округунан талапкер Элдар Абакиров соцтармак баракчасы аркылуу кайрылуу жасап аталган шайлоо округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын айтты.
«№26 округдагы шайлоодо добуш сатып алуу боюнча фактыларды толук, ачык жана калыс иликтөөнү талап кылам», деген Абакиров Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрыла турганын билдирген.
«Калмак-Ашуу айылында кармалган 460 миң сомдун кимге таандык экени жана аны берген талапкер аныкталышы шарт. Элдин жана эл аралык коомчулуктун ишенимин сактоо үчүн бардык көрүнүштөр адилет текшерилип, жыйынтык расмий билдирилиши керек.БШКга арызымымды мыйзам чегинде жаздым», — дейт ал.

