Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Эске салсак, Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо министри болуп 2025-жылдын 5-февралында дайындалган.

