УКМК төрагасынын атын жамынып, ири суммадагы акчаны ээлеп алган алдамчы кармалды


Б.у.Т. аттуу кыргыз жараны, КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы менен байланышы бар экенин шылтоо кылып, кыргыз жараны Д.А.А.нын ишенимине кирип, ар кандай иштер үчүн системалуу түрдө каражат алган. Ошентип, 2024-жылдан 2025-жылга чейин Б.у.Т. ири суммадагы акчаларды ээлеп алган.


Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Б.у.Т. жабырлануучуларга телефон аркылуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал – полковник К.К.Ташиевдин сүрөтү чегерилген килем-портретин көрсөткөнү, ал аны төрагага белек катары алганын айткан. Бирок аталган килем-портретте УКМК төрагасынын үч эмес, төрт генералдык жылдызы тартылганы менен айырмаланган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «алдамчылык» менен кылмыш ишин козгоп, Б.у.Т. КР УКМКнын УКЖсына камакка алынган.