Аманкан Кенжебаев Ош облусунун башчысы болуп дайындалды


Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кенжебаев парламенттин мурдагы чакырылышынын депутаты болчу.

Ал эми буга чейинки губернатор Элчибек Жантаев кызматтан кеткени1-декабрда маалымдалган.