УКМК: Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкексвет» ишканасынын кызмат адамдары кармалды


КР УКМК мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун алкагында жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө негизсиз финансылык оорчулук келтирүүчү шарттарды аныктоого багытталган тергөө-оперативдүү иш-чаралардын комплексин жүргүздү.
Атап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин кызмат адамдары тарабынан Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы шаардык паркты жакшыртуу үчүн жарыктандыруу мамыларын сатып алуу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталган.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренеси (Атайлап пайдасыз келишим түзүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2025-жылдын 5-декабрында тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында «Бишкексвет» МИнин кызмат адамдарынын подрядчы менен алдын ала сүйлөшүп, атайылап пайдасыз келишим түзүп, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган. Натыйжада, «Бишкексвет» МИнин директору Т.Э.Т.га, башкы инженер И.Э.И.ге жана «ТС» ЖЧКсынын директору Н.Р.А.га айып тагылып, алар кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин штаб-квартирасынын тергөө абагына камалышкан.
КР УКМК мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ушундай эле мыйзам бузууларды аныктоого багытталган ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.