Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттын ичинде акча, мал-мүлк, миңдеген завод-фабрика, жер тилкелери жана башкалар бар.
«2025-жылдын январь айында жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, эми коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкер түрмөдөн кутула албайт. Мындан тышкары, анын мамлекеттик кызматта иштеген жакындары, башкача айтканда, бала-чакасы, аялы же күйөөсү ишинен алынат», — деди Ташиев.
УКМК төрагасы союз кулагандан кийинки менчиктештирүү учурунда мамлекет таланып-тонолгонун, бул 2020-жылга чейин уланып келгенине токтолуп, азыркы коррупцияга каршы күрөш бүтүндөй бир доордун катмары менен күрөш экенин кошумчалады.

