Каракол–Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды


Бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.

Азыркы тапта аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 76-81-82-чакырымдар аралыгына 6 жерден түшкөн.

Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.