Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 30дан ашуун кыздарды аныктап, аларды ички иштер органдарына алып келишти. Алар менен кайталанма укук бузууларды алдын алуу, ошондой эле эксплуатация фактыларын же мыйзамсыз иш-аракеттерге тартылууну аныктоо боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Рейддин жыйынтыгында үч аялга карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 109-2-беренеси («Сойкулук менен алектенүү») боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
Бишкек шаарынын ИИББгы интимдик кызмат көрсөткөн адамдардын ишмердүүлүгүн токтотуу жана ага байланыштуу укук бузуулардын алдын алуу багытында системалуу ишти улантууда. Шаардык милиция профилактикалык чараларды күчөтүп, жарандарды шектүү фактылар тууралуу өз убагында билдирүүгө чакырат.

