Максым материалдык эмес маданий мурас катары ЮНЕСКОнун тизмесине кирди


Кыргыздын «Максым жасоо ыкмасы жана салттык билими» ЮНЕСКОнун адамзаттын бейзаттык (материалдык эмес) маданий мурастарынын өкүлдүү тизмесине киргизилди.

Мындай чечим 10-декабрда Нью-Дели шаарында 8-13-декабрь күндөрү өткөн Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 20-сессиясында бир добуштан кабыл алынган.

Бул номинация боюнча арыз ЮНЕСКОнун катчылыгына 2023-жылы берилген.