Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков Ысык-Көл облусунун Түп айылына иш сапары менен барып, жергиликтүү эл менен жолугушту.
Анда негизинен аталган аймакта ишке ашырылып жаткан таза суу долбоору тууралуу сөз болуп, тургундар, долбоорду ишке ашыруучу уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик башчылары менен бирге зарыл маселелер талкууланды.
Өз сөзүндө эл өкүлү ичүүчү сууга болгон муктаждык айыл тургундары үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, долбоорду убагында бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ири каражат сарпталып жаткан тармак узак убакытка чейин иштөөсү үчүн сапатка да көңүл буруу керектигин айткан депутат Табылды Муратбеков жумуштардын аткарылышы жеке көзөмөлүндө экендигин да кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондогу башка көйгөйлөр да айтылып, аларды аймактык жетекчилер жана министрликтер менен чогуу чечүү аракети көрүлөрү белгиленди.

