Германиянын Темир жолдор академиясынын (DB Akademie) директору Хайко Шольц менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев фейсбук баракчасына жазды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун келечеги, анын ичинде Германиянын Темир жолдор академиясынын филиалын Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун келечеги, анын ичинде Германиянын Темир жолдор академиясынын филиалын Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Академиянын алкагында каалоочулар немис тилин үйрөнүп, ошондой эле темир жол тармагында талап кылынган айрым адистиктер боюнча баштапкы кесиптик даярдыктан өтө алышат. Долбоор практикалык билим берүүгө жана заманбап транспорттук инфраструктура үчүн кадрдык потенциалды калыптандырууга багытталган.

