Кыргызстандык бүтүрүүчү дүйнөдөгү алдыңкы технологиялык университетке өттү


Кыргызстандык бүтүрүүчү Назар Кыргызбаев дүйнөдөгү эң абройлуу окуу жайлардын бири болгон Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) өтүп, чоң ийгиликке жетишти. Буга чейин ал Эл аралык математика олимпиадасында Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын медалды жеңип алып, өлкөнү дүйнөгө тааныткан.

Агартуу министрлиги акыркы эки жылда Назар улуттук математика курама командасынан MITке чакыруу алган төртүнчү окуучу болгонун белгиледи. Ага чейин бул окуу жайга Тилек Аскербеков, Эльдар Искандеров жана Искен Кенжебаевдер кабыл алынган болчу.

Назар Кыргызбаев №61 мектептин бүтүрүүчүсү экени белгилүү. Учурда ал университеттик окууга даярдануу максатында «Маариф» билим берүү комплексинде эл аралык Cambridge A-Level программасы боюнча билим алууда.