Балык өнөр жайы комплекси департаменти Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган 2025–2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүүнүн бекитилген план-болжолунун негизинде тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган пландын алкагында Регионалдык аклиматташтыруу жана балыкты көбөйтүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери менен биргеликте 18-декабрдан тартып Ысык-Көл облусунун Түп районунда иштерди жүргүзүп жатышат.
Бүгүнкү күнгө карата сига-лудога балыгынын 1,5 миллион даана уругу алынды.
Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.

