Чүй облусуна караштуу “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Түркиядан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алып келинген 22 тонна балык жеми артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Текшерүү Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Евразия Экономикалык Биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жок. Жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Түркия Республикасына жөнөтүлдү.

