Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору Азамат Саралаев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, Нарын жана Ысык-Көл облустарында ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерине мониторинг жүргүздү.
Мониторингдин жүрүшүндө Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылындагы курулуш объектилеринин абалы текшерилип, таза суу менен камсыздоодо бир катар кемчиликтер аныкталды жана аларды жоюу боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылындагы “Келечек” муниципалдык ишканасы тарабынан калкты ичүүчү суу менен камсыздоодо да бир катар кемчиликтер бар экени белгиленип, аларды тез арада жоюу тапшырмасы берилди.
Жыйынтыгында, Азамат Саралаев Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат таза суу обьектилерине болгон мониторингди жалпы республика боюнча жүргүзүүдө.

