26-декабрга карата аба ырайы


Бүгүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 0…+5, Талас аймагында -1…+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8, Ысык-Көлдө +1…+6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр 0…-5 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +3…+5, Ош шаарында +4…+6 градуска жетери айтылды.