Кечээ Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “Сүлүктү” 11-талаа көмүр кени ачылды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ачылуу аземине жеринен Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер жана шахтерлор катышты.
Кен ишканасы «Кыргызкөмүр» ААК менен «Хунга Лифенг» өнөр жай соода компаниясынын ортосунда келишимдин негизинде ачылды.
Көмүр кенин иштетүүгө тараптар 65 млн доллар инвестиция салган.
Кендин жалпы аянты 863.1 га, анын ичинен 21,5 га Сүлүктү шаарынын административдик аймагына ал эми 841.6 га Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына таандык. Баланстык запасы 82.7 млн тоннаны түзөт.
Долбоордун ишке ашуусу аймактык өнүгүүгө зор түрткү берип, 400дөн ашык жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш орду менен камсыз кылат.
Техникалык долбоорго ылайык, жылына 900 миң тонна көмүр казып алуу пландалып, көмүр тармагын өнүктүрүү, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
«Хунго Лифенг» компаниясы социалдык пакеттин алкагында 2025-жылдын 7-октябрында Сүлүктү шаарында 250 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салып, курулуш иштери башталды.

