Дароот-Коргондуктарга жакшы жаңылык


Чоң-Алалай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында заманбап талаптарга жооп берген мал союлуучу жайдын салтанаттуу ачылышы 25-декабрь күнү болуп өттү. Ага  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн катышты.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, ветеринардык кызматтар, фермерлер жана айыл тургундары катышты.

Жаңы ачылган мал союлуучу жай санитардык-гигиеналык нормаларга толук жооп берип, эт азыктарын коопсуз жана сапаттуу даярдоого багытталган.

Бул объектте мал союу процесси эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, ветеринардык көзөмөл толук камсыздалат.

Ачылыш аземинде бул жайдын аймактагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, фермерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө жана калкты таза, текшерүүдөн өткөн эт азыктары менен камсыздоого чоң салым кошору белгиленди.

Жаңы ишкана бир нече туруктуу жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өсүшүнө өбөлгө болору талашсыз.

Мал союлуучу жай заманбап жабдуулар менен камсыздалып, калдыктарды кайра иштетүү жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу багытында атайын технологиялар колдонулат. Бул болсо экологиялык коопсуздукту сактоого шарт түзөт.

Ишкананын жетекчилиги келечекте өндүрүш көлөмүн кеңейтип, этти кайра иштетүү жана таңгактоо кызматтарын да жолго коюу пландары бар экенин билдиришти.