Кыш мезгилинде бак-дарактарды кантип туура кыркуу керек? (Видео)


Урматтуу дыйкандар!

Бүгүн кыш мезгилинде бак-дарактарды кантип туура кыркуу керектиги тууралуу кыскача, түшүнүктүү маалымат беребиз.

Бакты отургузгандан тартып, канча жыл өтпөсүн — жаш кезинен баштап карыганга чейин жыл сайын кыркып, формасына келтирип туруу абдан маанилүү. Кыркуунун негизги максаты — бакты «жеңилдетип», анын ичине күндүн нуру менен аба эркин киришин камсыз кылуу.

Эмне үчүн бакты кыркыш керек?

Күндүн нуру түз тийиши үчүн. Күн тийбеген бутак мөмө байлабайт же түшүмү аз болот.

Бактын ичи жарык жана желдетилген болушу керек. Бул оорулардын, зыянкечтердин алдын алат.

Туура нагрузка берүү үчүн. Эгер бутак көп болуп кетсе, бак чарчайт, мөмө майда болуп калат. Туура кыркса, түшүмү мол жана сапаттуу болот.

Бул — интенсивдүү бак. Мындай бакта 1 гектар жерге орточо 3 500 көчөт отургузулат. Ар бир бакка өз убагында кыркып, туура форма берүү өзгөчө маанилүү.

Бактын үстү жагына тартылган сетка (тор) төмөнкү максаттарда колдонулат:

мөндүрдөн (бурчактан) сактайт;

күндүн катуу ысыгынан мөмөнүн күйүп кетишинен коргойт;

гүлдөгөн мезгилде башка жерден учуп келген аарылардан коргойт. Бул бактериалдык оорулардын жайылып кетпеши үчүн жана сорттордун чандашып кетпеши үчүн абдан маанилүү.

Кыскасы, бакты туура жана өз убагында кыркуу — мол түшүмдүн, сапаттуу мөмөнүн жана бактын узак жашоосунун негизги шарты. Ар бир дыйкан бул иштерге өзгөчө көңүл буруусу керек.