Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан буга чейин өрт коопсуздук эрежелерин бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берилип, кийин айып пул да салынгандыгын билдирди.
ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, өрт коопсуздугунун алдын алуу, материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында 2024-жылдын 26-мартында №00-03 текшерүү актысынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуулар берилген.
«Анын жыйынтыгында эскертме жазуулар толук кандуу аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде 23 000 сом административдик айып салынган. Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилгендигин билдиребиз», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 11-февраль күнү кечинде аталган институттан өрт чыгып, бейтаптар менен кызматкерлер коопсуз жайга көчүрүлгөн. Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген.
Учурда кырсык боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” деген 257-беренеси менен ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

