Бүгүн, 28-декабрда борбор калаадагы «Жаштык Арена» спорттук комплексинде Бишкек шаарынын мэринин салтка айланган балаты майрамы болуп өттү. Салтанатка калаа башчысы Айбек Жунушалиев, КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов катышты.

Иш-чаранын ачылышында мэр Айбек Жунушалиев кичинекей шаардыктарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен чын дилинен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окуудагы ийгиликтерди жана бактылуу балалык каалады.
«Силер — биздин келечегибиз. Ошондуктан ар дайым адилеттүү, максаттуу жана эмгекчил болгула. Кыялдануудан коркпогула жана өз күчүңөргө ишенгиле. Ата-энеңерди, мугалимдериңерди жана улууларды сыйлай билгиле», — деп баса белгиледи мэр өз сөзүндө.
Бул жылы мэрдин балатысына жалпысынан 3000ге жакын бала чакырылды. Алардын арасында окуунун алдыңкылары жана мектеп активдери, шаардык жана республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү, көп балалуу жана социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
Балдар үчүн атайын даярдалган «Кыргызстандын 7 керемети» аттуу театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Бул программа жөн гана майрамдык шоу эмес, балдарга Кыргызстандын бай маданий мурасын, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын жомок түрүндө тааныткан таасирдүү саякат болду.

Сахнадагы жаркыраган декорациялар, заманбап жарык эффекттери жана таланттуу артисттердин чеберчилиги кичинекей көрүүчүлөргө сыйкырдуу маанай тартуулады. Иш-чаранын соңунда ар бир балага мэрия тарабынан даярдалган атайын белектер тапшырылды.

Бул салтанат Бишкек шаарында Жаңы жыл алдында өткөрүлүп жаткан масштабдуу майрамдык иш-чаралардын туу чокусу болуп калды.


